Депутат: "Чычкан суусунда акыркы жылдары форелдер жок калды, аны калыбына келтирүү үчүн аракет көрүү керек"

"Чычкан суусунда акыркы жылдары форелдер жок калды, аны калыбына келтирүү үчүн аракет көрүү керек" деп бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Рада Туманбаева билдирди.

"Өзүңүздөр билгендей, мурда Чычкан суусунда форель абдан көп болчу. Азыркы тапта эч кандай балык калган эмес. Бул жагдайды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир иш-аракеттер аткарылып жатабы?" - деди эл өкүлү.

Буга ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов: "Чычкан суусуна күйүүчү май ташыган унаалар жол кырсыгына кабылып, сууга түшкөн учурлар көп катталган. Бул нерсе да балыктардын жоголушуна таасирин тийгизиши мүмкүн", - деди ал.

Мындан тышкары Туманбаева өлкөдө экологиялык абалды жакшыртууга аракеттерди кылуу керек экенин белгиледи.

"Биз бала кезибизде гүлдүн жыты башкача эле. Ошондуктан өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Антпесек неберелерим ал гүлдүн жытын, ошол эле эттин чыныгы даамын билбей калабы дейм", - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан