Эртең Биринчи Май райондук сотунда "Супер-Инфо" гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өтөт (хронология)

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

Биринчи Май райондук сотунда "Супер-Инфо" гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өтүүдө.

Арызда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын "Супер-Инфо" гезитине карата чыгарылган токтомун жокко чыгаруу жазылган: Гезиттин жактоочусунун айтымында, Финпол гезитке Салык кызматынын текшерүүсүн дайындай албайт.

14:35. Мурдагы элчи Кылычбек Султан: "Супер-Инфого" тиешеси жок эле илинчек издеп жаткандай туюлуп жатат. Анткени мен окуган маалыматта газетага тиешелүү туура эмес эч нерсе табылган жок. Мен Тышкы иштер министрлигиндеги туура эмес иштерди айтып чыккан учурдан баштап, бир илинчек издеп жүргөндөй сезилген. Чек арадан кирип-чыкканда кайсы бир убакытка чейин кармап жаткандарынан куугунтук, басым болгону билинип жаткан. "Супер-Инфонун" тиешеси жок маалыматтын негизинде эле жумушуна тоскоолдук жаратып жаткандары саясий буйрук деген ойлорго түртөт".

14:59. "Супер-Инфонун" жактоочусу Таалайгүл Токтакунова: "Гезитке пландалбаган текшерүү болуп жатат. Аталган гезитте бир дагы мыйзам бузуу катталган эмес. Келтирилип жаткан жүйөлөр чындыкка дал келбейт. Себеби аны тастыктаган бир дагы негиз жок. Т.Насыкулов аттуу жарандын жазган арызынын негизинде гана текшерүү болуп жатат. Ал жаран ушул жылдын 30-январында "мен кайсы бир гезиттерди алып окуйм. Ал гезиттер басылган "ЖМКларды колдоо борборунун" сайтында көрсөтүлгөн нускалардын саны менен гезиттердин өзүндө жазылган нускага дал келбейт экен" деп жазган экен. Бирок ал арызда "Супер-Инфо" тууралуу бир дагы сөз жазылган эмес".

15:07. Салык кызматынын өкүлү соттон: "Супер-Инфонун" тиражында айырмачылыктар бар. Бул мыйзам бузууга алып келет. Ошондуктан жактоочунун келтирген өтүнүчтөрүн жокко чыгарып, биздин негиздерди канааттандырып берүүңүздү суранам".

15.15. Прокурор иш менен таанышып алууга убакыт сурады. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды.

15.19. Эртең, 19-мартта саат 13:00дө Биринчи Май райондук сотунда уланат.

15:25. "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова: "Бул коомдук резонанстуу иш. Бийлик алмашкандан кийин ЖМКга каршы жүргүзүлүп жаткан биринчи иш. Буга чейин башка бир телеканалдарга жеке адамдар тарабынан доо арыздар берилген. Азыр мамлекеттик органдар тарабынан ЖМКга каршы иштерди жүргүзүшүүдө. Башка бир жарандын "ЖМКларды колдоо борбору" фондуна жазган арызынан улам Кыргыз Республикасынын бардык аймагына тараган эркин көз караштагы оппозициялык ЖМКны жөнү жок текшерүүдө. Бул бийлик тарабынан кысым көрсөтүү. Эртең соттук отурум уланат. Биздин укук корголушу үчүн аракет кылабыз".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан