“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылган. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан.
Бүгүн, 19-мартта Биринчи Май райондук сотунда "Супер-Инфо" гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өтүүдө.
Арызда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын "Супер-Инфо" гезитине карата чыгарылган токтомун жокко чыгаруу жазылган. Гезиттин жактоочусунун айтымында, Финпол гезитке Салык кызматынын текшерүүсүн дайындай албайт.
13:15. Финполдун инспектору салык кызматынын өкүлүн соттук отурумга адис катары катышуусуна соттон өтүнүч келтирди. Бирок "Супер-Инфонун" жактоочусу Таалайгүл Токтакунова каршы чыкты. Бирок сот инспектордун өтүнүчүн канааттандырды. Салык кызматынын өкүлү соттук отурумга катышат.
13:33. "Супер-Инфонун" жактоочусу Таалайгүл Токтакунова: "Жоруктар" кодекси боюнча арыз жазган адам зыян тарттыбы же компаниябы? Мыйзамдын негизинде ошону гана кароо керек. Анда "Жоруктар" кодекси боюнча тергөөчү кандайдыр бир текшерүүлөрдү дайындоого укугу жок. Андай укук Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн эмес".
13:44. Шайиста Шатманова: "Биздин жактоочу көрсөтүлгөн кодекстер одоно түрдө бузулганын көрсөтүп берди. Арызда көрсөтүлбөгөн гезитке мамлекеттик органдар тарабынан кысым көрсөтүүсү жүрүп жатканын бирден бөлүп айтты. Азыр сот чечим кабыл алганы кетти. Сот адилеттүүбү же Финпол, Салык кызматы жана Башкы прокуратура менен бир тилдеби эми келгенде билинет. Биринчи чечимди угалы. Жактоочунун бир-бирден түшүндүрүп берген аргументтери сот тарабынан кабыл алынабы баарыбыз жалпы күбө болобуз".
13:52. "Финполдун инспекторунун салык кызматынын өкүлүн соттук отурумга адис катары катышуусуна өтүнүч келтирди. Биздин тарап каршы болгонуна карабай сот аны канааттандырууну чечти. Соттун аракеттерине каршы биз эч нерсе деп айта албайбыз. "Супер-Инфонун" жактоочусу тараптан салык кызматынын өкүлүнө суроолор абдан көп болду. Бирок салык кызматынын өкүлү жөндүү жооп айткан жок", - деди гезиттин директору Шатманова.
13:59. Учурда соттун чечими күтүлүүдө.
15:27. Шайиста Шатманова: "Сот чечим чыгаруу үчүн кеткенине 2 сааттан ашып калды. Мынчалык узакка созулганы бизге дагы кызык болуп жатат. Бирөөлөр менен акылдашып жатабы деген ойлор кетет. Бирок сот өз алдынча чечим чыгаруусу керек. Биздин тарапка чечилет деген үмүттөбүз. Учурда соттун чечимин күтүүдөн башка аргабыз жок. Эмне себептен узакка созулуп жатат түшүнүксүз".
15:35. Сот "Супер-Инфонун" жактоочуларынын арызы канааттандырылды.
15:39. Таалайгүл Токтакунова: "Биздин көптөн күткөн чечим чыкты. Биздин келтирген негиздердин бардыгы мыйзамдуу жана жүйөлүү болгон. Сот мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгарып берди".
15:50. "Акыркы мүнөттөргө чейин үмүттөнүп күтүп турдук. Бирок ЖМК өкүлдөрү көп сот процесстеринен өтпөдүкпү. Акыркы учурда Кыргыз мамлекетинде резонанстуу жана чоң сот иштери жүрдү. Жактоочу тараптан киргизилген өтүнүчтөрдү сот канааттандырбай коюп жаткан. Ошол себептен бизде кооптонуу бар болчу. Соттун туура чечим чыгарганына рахмат! Финполдун инспектору чыгарган токтомду жокко чыгарды", - деди Шатманова.