“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.
Эскерте кетсек, 14-март күнү “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Финполго суракка чакырылган.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын алдына коомдук жана жарандык активисттер "Супер-Инфо" гезитин колдоо үчүн чогулушту. Алардын катарында Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеев жана башкалар болду.
Журналист Мирбек Айтикеев Кыргыз мамлекетинде бийликчил же оппозициялык ЖМКларды жогору жактан кысымга алуу туура эмес көрүнүш экенин айтты.
"Кыргыз өлкөсүндө кандай саясат кармалбасын, кандай көз карашта болбосун ал бийликчил же оппозициялык ЖМК болобу, аларга бийлик тараптан кандайдыр бир кысым көрсөтүү туура эмес. Бул коомдун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Мурдагы бийликтерде да буга окшогон көрүнүштөр болуп келген. Алардын кандай жыйынтык бергенин жакшы билебиз. Ошондуктан мен журналист катары “Супер-Инфонун” айланасында болуп жаткан иштерге кайдыгер карап турбай келүүнү туура көрдүм. Мисалы, Акаевдин убагында “Асаба”, “Агым” деген гезиттер жабылган. Бийликти булардын ишин бирден сындыра берсек отура беришет экен дедирбешибиз керек. Биз ушундай учурда биригип, бийликке каршылык көрсөтүшүбүз абзел. Кыргыз мамлекети башка өлкөлөрдөн айырмаланып мындай жолго макул эмес. Себеби Аксы жана 7-апрель окуялары далилдеп берет. Биз эркин элбиз, биздин эркиндигибизди Сооронбай Жээнбековдун аппараты же башка бирөө сындырбайт. Анткени биз сындырганга жол бербейбиз”, - деди Айтикеев.