Саха Республикасынын Якутск шаарынын жашоочулары Борбор Азиянын мигранттарына каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 17-март күнү Якутск шаарында белгисиз 3 жаран күч колдонуу жолу менен жабырлануучу аялды унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Алар аялды зордуктаганын жабырлануучу полицияга өзү билдирип, шектүүлөр Борбор Азиянын жарандары экени айтылган.
Зордуктоо фактысы катталганын Якутск шаарынын тергөө кызматы тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири күнөөсүн мойнуна алганы жазылат маалыматта. Ал эми дагы 2 жаран кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталууда.
Бул окуядан кийин Якутск шаарында 200дөн ашык тургундар митингге чыгышкан. Аларды полиция кызматкерлери катуу көзөмөлгө алганы жазылууда.
Бул маалымат боюнча Ички иштер министрлиги маалымат алганын анда зордуктоого кармалган жаран кыргыз жеринде төрөлгөнү аныкталган.
"Бизге жеткен маалымат боюнча шектүү кыргыз жеринде төрөлгөнү айтылды. Учурда биздин Элчиликтеги тийиштүү кызматкерлер аталган шаарга бара турганы айтылды. Кошумча маалыматтар дагы да белгилүү болот", - деди басма сөз катчы.