Миграция кызматы Якутск шаарындагы Кыргыз жарандарын улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө багытталган аракеттерден алыс болууга чакырды

Миграция кызматы Саха Республикасынын Якутск шаарында Кыргыз жарандарын улут аралык кастыкты күчөтүүгө багытталган аракеттерден алыс болууга чакырат.

Мекеменин басма сөз катчысы Айзат Туратбек кызы аталган кызматтын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов кырдаалды жөнгө салуу максатында Якутск шаарына жөнөп кеткенин кабарлады.

Маалым болгондой, Токтоболотов ал жерде Саханын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургундун ошол күнү эртең менен Борбор Азиядан келген 3 адам аны күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганын айткан маалыматы түрткү болгон.

Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.

Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болгон болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulnyr19
2019-03-18 21:07:59
Аллах сактасын эсен аман иштеп кетели. Бөтөн элде тынч эле жүрөлүчү туугандар бирөөнү деп канча адамга зыян болуп жатат. Анчалык эле өзүңөрдү башкара албасаңар бойдоктор үйлөнгүлө,үй-бүлөлүүлөр аялыңар менен чогуу баргыла.
+1
trabzon11
2019-03-19 01:19:18
Кее бирки озубуздун эле адамдар
Кайраштырып улуттар чыр чатакты
Кучотуп ийет.ватсап аркылуу туура
Эмес видеолорду таратып эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан