Журналист Турат Акимов: “Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндигин коргогон мыйзам талаасы бар, ошонун негизинде көзөмөл кылуу керек”

Учурда оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу талкуу болуп жаткан кез. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Ага чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Гезиттин директору Шайиста Шатманова сурактан чыккандан кийин кырдаал тууралуу айтып жатып мамлекеттик органдардын аракеттерин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?" деген соболуна журналист Турат Акимов жооп берди.

Ал сөз эркиндигин коргогон мыйзам өз нугунда иштөөсү керек экенин белгиледи.
“Журналисттердин арасында сабатсыз, көп маселени түшүнбөй жазып алгандар бар. Кээ бир учурда майда-чүйдө акчага кызыгып, жалган маалыматты жазып салган учурлар болот. Ошол себептен адам баласы бири-биринин мамилесин көзөмөлдөгөнгө мыйзам чыгарган. Бизде мыйзам талаасы бар, ал иштеп жатат. Ошонун негизинде эле сөз эркиндигин көзөмөл кылса болот. Күн сайын жаңы мыйзам чыгаруунун кажети жок. Демократиялык өлкөлөрдүн бардыгында сөз эркиндиги деген түшүнүк бекитилип келген. Эл аралык түшүнүктөр пайда болуп, мыйзамдар жазылган. Анын баарын Кыргыз мамлекети ратификация кылып колдогон. Ошондуктан турмушта бар мыйзамдар иштесе эле татыктуу болуп калат”, - деди Акимов.
Адвокат Акмат Алагушев, журналисттер Дина Маслова, Лейла Саралаева, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан