Учурда оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу талкуу болуп жаткан кез. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Ага чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Гезиттин директору Шайиста Шатманова сурактан чыккандан кийин кырдаал тууралуу айтып жатып мамлекеттик органдардын аракеттерин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?" деген соболуна журналист Лейла Саралаева жооп берди.

Журналист
Лейла Саралаеванын айтуусунда, башка бирөөнүн оюн сыйлоо менен сөз эркиндикти сактаса болот.
“Кыргыз мамлекетиндеги саясий маданият жогоруламайынча сөз эркиндигине болгон кысым көрсөтүү токтобойт. Анткени журналисттер дагы адам. Алар дагы кайсы бир саясий күчтөрдүн позициясын жакшы деп баалашы мүмкүн. Бир же эки саясий партия оппозицияда болот. Ал эми калган саясий партиялар учурдагы бийликти колдойт. Оппозиция жана позиция болуп бөлүнүү дайыма болуп келет. Мындай бөлүнүү журналисттердин арасында дагы орун алат. Биздеги саясий маданияттын деңгээли жогору эмес, ошол себептен оппоненттерге ар дайым кысым болот. Качан биз башканын да оюн сыйлаганды үйрөнсөк, бүгүнкүдөй кысымдар токтойт. Бийликтин ЖМКларга кылган кысымы жагымсыз иш. Анткени мурдагы саясаттагы системдердин да кысымын көрүп, башыбыздан өткөрдүк”, - деди Саралаева.
Адвокат
Акмат Алагушев, журналисттер
Дина Маслова, Турат Акимов, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.