КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева: “Мамлекеттик органдар мыйзамды ыйык тутканда сөз эркиндиги сакталат”

Учурда оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу талкуу болуп жаткан кез. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Ага чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Гезиттин директору Шайиста Шатманова сурактан чыккандан кийин кырдаал тууралуу айтып жатып мамлекеттик органдардын аракеттерин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?" деген соболуна КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп берди.

Ал сөз эркиндигине кысым көрсөтүү болбошу керек экенин айтты.
“Конституцияда жазылган нормалар сакталышы зарыл. Ар кандай себептер жана шылтоолор менен ЖМКларга кысым көрсөтүү туура эмес. Качан бийлик Конституциялык жол менен саясат жүргүзгөндө сөз эркиндигине болгон кысым токтойт. Мындан тышкары мамлекеттик органдар мыйзамды ыйык тутканда сөз эркиндиги сакталат. Сөз эркиндиги сакталган, корголгон мамлекетте жашоо өзүбүздүн колубузда. Бийлик бутактарындагы салмак сакталып, соттор көз карандысыз болгондо гана сөз эркиндиги болот”, - деди Жолдубаева.
Адвокат Акмат Алагушев, журналисттер Дина Маслова, Турат Акимов, Лейла Саралаева, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан