Астролог: "Супер-Инфо" гезитине Сооронбай Жээнбеков болбосо да, анын жанында жүргөндөр кысым көрсөтүп жатышы мүмкүн"

Бардык нерсе Кудайдан дейбиз, ошол эле учурда көпчүлүгүбүз алдыда кандай окуялар күтүп турганын божомолдоону кызык көрөбүз. SUPER TV ушундай теманын алкагында сүйлөшүү үчүн белгилүү астролог Жанар Кадыралиев менен маектешти.

Жанар Кадыралиев астрономия багытында атайын билим алып, бул багытта 32 жылдык тажрыйба топтогон. Кадыралиевдин берген божомолдору көп учурда туура чыккандыктан ага ишенгендердин саны арткан.

Ал Өзбекстандын эки жолу Кыргыз өлкөсүнүн аймагына Аксы жана Үңкүр-Тоого бастырып киришин алдын ала айткан.

Ислам Каримовдун жакынкы күндөрдө дүйнөдөн кайтарын жана түзүлгөн кырдаалга кооптонуунун зарылчылыгы жок экендигин 2016-жылы 24-августта Улуттук коопсуздук кызматынын Борбордук аппаратына билдирилген. УКМКда бул нерселер жазылып, каттоодон да өткөн. Каримов 9 күндөн кийин көз жумган.

2017-жылдын 26-февралында Өмүрбек Текебаевдин жана 25-мартта Садыр Жапаровдун камакка алынышы жөнүндө интервьюсу "Супер-Инфо" гезитинин 2017-жылы 17-февралдагы санында жарык көргөн.

Мындай мисалдар көп. Андыктан астрологго быйылкы жазда кандай окуялар күтүлүшү, ошондой эле "Супер-Инфо" гезитине көрсөтүлүп жаткан кысымга президент Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз байланышы барбы?" деген суроого жооп алуу үчүн кайрылдык.

Жанар Кадыралиев менен болгон маекти төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.

Астролог: "Супер-Инфо" гезитине Сооронбай Жээнбековдун жанындагылар кысым көрсөтүп жатышы мүмкүн"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан