"Супер-Инфонун" жетекчилигинин Финполго чакырылышы боюнча тосмо арыз бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралат

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

Суракка кирип, 2 сааттан кийин чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова сурак негизсиз жүргүзүлгөнүн жана инспектор эмне себептен сурап жатканын далилдүү түшүндүрүп бере албаганын айтты.

"Т.Насыкулов аттуу жарандын жазган арызынын негизинде чакырышканын түшүндүрүп беришти. Ал жаран ушул жылдын 30-январында "мен кайсы бир гезиттерди алып окуйм. Ал гезиттердин нускасы "ЖМКларды колдоо борборунун" сайтында көрсөтүлгөн нускалардын саны менен дал келбейт экен" деп жазган экен. Эң кызыктуусу ал арызда "Супер-Инфо" гезити жөнүндө бир дагы сөз айтылбаптыр. Ал жерде "Шамбала" жана "Пирамида Плюс" деген гезиттер жөнүндө сөз болуп жаткан экен. Мен улук инспектор Жунусовдон "Сиз арызда көрсөтүлгөн гезиттерге кайрылдыңызбы?" деп сурасам, аларга кайрылышпаптыр. Аларды суракка чакырыша элек экен. Эмнегедир "Супер-Инфого" чакыруу болуптур. Бул нерсени кысым деп атоого болот. Себеби гезитке койгон беренеси Жоруктар боюнча кодекстин 113-беренеси деп турат. Эң кызыгы ал беренеде салык кызматы, салык мыйзамдуулугун сактоо боюнча ишмердүүлүк жөнүндө эч нерсе жок. Ал жерде кайсы бир ишмердүүлүккө, ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салуу деп турат. Башкача айтканда, 113-берененин негизинде "Супер-Инфонун" ишмердүүлүгүнө тыюу салуу аракети болуп жатабы деген суроо жаралат. Эмне үчүн 113-берененин негизинде салык кызматынан текшерүү келип жатат түшүнүксүз. Биз салык кызматынын пландык текшерүүсүнөн өз убагында эч нерсени жашырбай эле өтүп келебиз. Акыркы текшерүү 3 ай мурун болгон.

Инспектор Жунусов 113-беренени коюу менен 2 токтом чыгарган. Ошол токтомдорун жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жактоочуларыбыз кайрылышкан. Бүгүн саат 14:00дө ошол тосмо арыздын негизинде соттук отурум болушу керек. Биз биринчи эле кадамды ошол Жоруктар жана жосундар боюнча кодекстеги беренени коюп туруп анан салык кызматын текшерүүгө жөнөтүп жатканынын үстүнөн арыздандык", - деди Шатманова.

"Мен инспекторду деле түшүнүп турам. Буйрукту кимдир бирөө берет, ал аны аткарат да. Менин берген суроолорума, чакыруунун себебин сураганыма ал деле жүйөлүү жооп айта албай жатты. Чынын айтсам, бүгүнкү күнгө чейин Насыкуловдун арызын көрө элек болчумун. Ал арызды көргөндөн кийин менде аябай так картина түзүлдү", - деп кошумчалады ал.

Гезиттин жактоочуларынын жазган арызындагы соттук отурум Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда бүгүн саат 14:00дө каралмакчы.

Шайиста Шатманова: “Арыз жазган адамдын арызында “Супер-Инфо жөнүндө бир дагы сөз айтылган эмес экен"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан