"Супер-Инфо" гезитинин нускасы 100 миң да, 122 миң да болгон, бул маалыматтарды биз эч качан окурмандардан да, Салык кызматынан да жашырган эмеспиз. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйында аталган гезиттин директору Шайиста Шатманова билдирди.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан колдоо болуп жатканын көрүп жатам, "Супер-Инфо" гезитине жасалып жаткан чабуулда кайдыгер карабастан колдогонуңуздарга ыраазычылык билдиребиз.
Акыркы күндөрү гезитке мамлекеттик органдар тарабынан, тагыраагы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) жана Салык кызматы жөнү жок, аягы жок текшерүүлөр менен кысым көрсөтүүдө. Кечээ Финполго суракка чакырылып, анда арыздануучу Т.Насыкуловдун арызы менен тааныштым. Ал жазган арызында башка гезиттер тууралуу айткан, бирок "Супер-Инфо" гезити боюнча эч кандай кеп козголгон эмес. Биздин гезитти текшерүүгө арыздануучу ал гезит басылып чыккан "ЖМКларды колдоо борборунун" сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Бирок бул арыздын шылтоосу менен Финпол жана Салык кызматы текшерүү баштаган. Типографиянын сайтында жайгашкан маалыматтарда гезиттин 2012-жылы жазылып, ошол бойдон гезиттин нускасы жаңылана элек. Бул маалымат бүгүнкү күндө маанисин жоготкон, эскирген маалыматтар болуп эсептелинет.
"Супер-Инфо" гезитинин нускасы 100 миң да, 122 миң да болгон, бул маалыматтарды биз эч качан окурмандардан да, салык кызматынан да жашырган эмеспиз. Гезиттин ар бир даанасы тууралуу маалымат так көрсөтүлүп келет. Ошончолук эскирген маалымат менен типографиянын жаңыланбаган, эски маалыматынын негизинде буларда чоң айырмачылык бар деп төө жасагысы келип жатышат", - деди Шатманова.
“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан. Бүгүн саат 14:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум болмокчу.