Жумгалда тууй албай жаткан уйга операция жасап, аны аман алып калышты

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кабак айылында мал доктур тууй албай жаткан уйга операция жасап, аман алып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына врач Кадырбек Сатымкулов билдирди.

"Айылдагы тургун ую тууй албай жатканын айтып келди. Барып көрсөм, уйдун музоосу ичинен өлүп калгандыктан уй тууй албай кыйналып жатыптыр. Мындан улам малды аман алып калуу максатында анын оң капталын союп, музоону алып чыктык. 2 жарым саатча уй жатып, андан кийин туруп кетти. Азыр кадимкидей эле чөп жеп басып жүрөт. Мен мал доктур болуп 1984-жылдан бери иштеп келем. Мурда дагы көп эле жолу малга операция кылгам", - дейт Сатымкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Samar90
2019-03-19 20:28:33
Ото сонун шарт тузуп бериш керек
+7
Tolkun555
2019-03-19 20:53:54
Биринчи жолу угушум.Кыргыз Ибн Сина болуптур
+6
nursiyanur
2019-03-19 21:16:28
Эми малдар дагы кесерво болуп калыптырда
+6
Jagym94
2019-03-20 10:30:45
Жакшы кабар болсо дагы,баары бир шумдугун кургур
+3
Pamirlan
2019-03-20 13:41:16
Шарт тузуп бериш керек
0
aszyma
2019-03-21 00:55:29
Ошондуктан жан-жаныбарларды боюда барыда урбаш керек. Урбагыла.
Анан кээде Уйлар да сүзөтда.
0
nazira1989
2019-03-21 23:17:48
Бизде да кесарево сечение жасайт уйларга.Ишин жакшы коргон доктурлар бар да...)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан