Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Саха Республикасындагы Кыргыз жараны шектелип жаткан кылмышты айыптай турганын 19-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Андагы маалыматка караганда, министрлик кылмыш иш объективдүү жана калыс иликтенишин күтө турганын жана Саханын тийиштүү органдарынан Кыргыз Республикасынын ак ниет жана мыйзам сактаган жарандарынын коопсуздугун камсыздоону өтүнө турганы белгиленген.
17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургундун ошол күнү эртең менен Борбор Азиядан келген 3 адам аны күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганын айткан маалыматы түрткү болгон.
Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.
Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.