"10 жыл мурунку ырымды Айдана менен кайрадан аткарып чыктым" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Аваз Акимов

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун таттуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" чыгармасы толуктады. Чыгарма тууралуу Аваз Акимов буларга токтолду.

"Бул чыгарма менин репертуарымдагы эски ырлардын бири десем болот. Ырды аткарып чыкканыма 10 жылга чамалап калды. Анда башка ырчы кыз менен аткарган элем. Айдана экөөбүз кыз-жигит мамиледе экенибизди ачыктагандан кийин чогуу концерт бергенге даярданып жүрүп, дуэт жаздырууну пландаганбыз. Эмнегедир ушул чыгарманы кайрадан аткарып чыгууну туура көрдүк. Ал эми ырга клип тарттыруу башка клиптерди тарттырууга караганда кыска убакыт кетти. Анткени 1 күн, 1 түндө эле тартып бүттүк", - дейт ырчы.

13-МАРТТАН 20-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орун - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" композициясы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Гүлнур Асанованын "Шашпа" видеоклибине буюрду.

8-орунга - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" чыгармасы ээ болду.

7-орунду - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" чыгармасы камсыздады.

6-орун - Айя Садырованын "Тоо булагы" видеоклибине буюрду.

5-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясы ээледи.

4-орунду - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби камсыздады.

3-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" аталышындагы видеоклиби багындырды.

2-орунду - Өткөн аптада тизмеге кошулган Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы ээледи.

1-орун - Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы клиби эң көп добушка ээ болуп, аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан