Бүгүн, 20-мартта Аламүдүн районуна караштуу Степное айылындагы №2 аялдар абагында "Жаз сулуусу-2019" аталышындагы сулуулар сынагы болуп өттү. Сынакка эркиндигинен ажыратылып абакта отурган аялдар катышып, "адам өлтүрүү" жана "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренеси менен 2 жолу соттолгон Кундуз К. жеңүүчү аталды.
Сынак Нооруз майрамына карата уюштурулган.
Ал эми экинчи орунда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "адам өлтүрүү" менен соттолгон Марина М. алса, үчүнчү орунду дагы ушундай эле берене менен соттолгон Милана Ж. алды. Кийинки орун мыкты таланты үчүн Анна А.га берилди.
Сынак төрт тапшырманы аткаруу менен өттү. Анда биринчи болуп катышуучулар "саламдашуу" тапшырмасы менен сахнага чыкты. Экинчи тапшырма "жеке номер аткаруу", ал эми үчүнчү "өз талантын көрсөтүү" жана акыркы тапшырма "кече көйнөгүн көргөзүү" болду.
Абактагы айымдар бул сынакка кызуу даярданышканын алардын кийген кийимдеринен эле байкаса болот. Ошондой эле кыргыздын салт-санаасын, кийимдерин көргөзүп, улуттук баалуулуктарды сактоо жана мекен алар үчүн өтө бийик экенин көрсөткүлөрү келгенин айтышты.
1-орунду алган Кундуз К. 31 жашта. Ал сынакка 20 күн даярданган. Жеңүүчү сахнага кийип чыккан кийимдерин өзү тиккен. Ошондой эле бул сынакта шоу-бизнес өкүлдөрү ырдап, залда отурган көрөрмандарга шаң тартуулашты.