5-августта көпчүлүктөн айырмаланып алдыга койгон планын ар дайым ишке ашыра билген адамдар төрөлөт. Алар тоскоолдуктарды алдын ала көрө билип, бардыгына даяр болууга көнгөн.
Албетте, өзүнүн максатына жетүү үчүн башкалар менен да эсептешүүгө, өзгөлөрдүн пландарын көзгө илбөөгө туура келет, бирок бул алар үчүн табигый көрүнүш. Андыктан мындай эмоциялуу адамдардын сөзүнө каршы туруу - арстандын муруту менен ойногонго барабар.
Бул күнү төрөлгөндөр табиятынан кошомат кылууну жактырышпайт. Башка адамдар менен өзүнүн принциптерине жараша түз мамиледе болуп, эки жүздүү шумпайларды жанына жолотпойт.
Ушул күнү жарыкка келгендер көпчүлүк учурда мыкты сот боло алышат. Адилеттүү чечим гумандуулуктун башаты болоруна ишенишет.
Бул күнү төрөлгөндөр мүнөзү катаал болгону менен, зомбулук кылууну жапайы көрүнүш катары санашат. Үй-бүлөдө түгөйүнүн мактанычы болууга аракет жасайт, бирок сезимдерин алаканга салгандай ачык билдирүүнү жактыра бербейт.