Бүгүн, 20-мартта Бишкекте Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.
Биринчи Лиганын коло медалы үчүн "Казарман" (Жалал-Абад) жана "Соң-Көл" (Нарын) командалары беттешти.
Оюн 20 мүнөткө созулган 3 бөлүктөн туруп, алгачкы таймда эсеп саны ачылган жок. Экинчи бөлүктүн орто ченинде "Соң-Көл" командасынын 7-номердеги оюнчусу Мирлан Мукашев улакты тай казанга таштап командасын алдыга алып чыкты.
Үчүнчү таймда "Казарман" командасы эсепти теңдөөгө аракет кылып, бирок майнап чыккан жок. Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, Нарын облусунун командасы Биринчи Лиганын коло медалын тагынды.
Учурда Жогорку Лиганын коло медалы үчүн "Бакубат-Талас" жана "Көк-жал" командаларынын беттеши өтүп жатат.