Чаткал районунда 36 тонналык кар сүрүүчү грейдерди көчкү басып калды. Бул тууралуу маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Окуя кечээ, 20-мартта катталды. Кар сүрүп келе жаткан грейдерди кар көчкү түшүп, басып калды. Мындан улам жол жабылып калган. Окуядан жабыркаган эч ким жок. Грейдердин айдоочусу чыгып кеткен", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.