Боз үй тигилип, кемегелер коюлган Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Ноорузга арналган концерт өтүүдө

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара башталды. Аянт майрам үчүн жасалгаланган. Анда боз үй тигилип, кемегелер коюлуп, сахна даярдалган. Салтанатты көрүү үчүн келгендердин катарында улуттук кийим менен отургандар бар.

Учурда борбордук аянтта майрамдык концерт өтүп, ага шаардык мэриянын өкүлдөрү, ырчылар, бий топтору келишкен. Майрам өзгөчө шаң менен башталды. Эс алуучу жайларда сейилдеп жүргөн жарандардын маанайы көтөрүңкү. Шаардын тургундарынын жана конокторунун арасында балдары менен майрамды тосууга чыккандар арбын.

Ошондой эле майрамга карата Бишкектин бир катар райондорунда салтанаттуу иш-чаралар, жарманкелер да уюштурулган.

Сүмөлөк, жарманке, улуттук оюндар... Бишкек Ноорузду кандай майрамдады?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан