Лондондо Европа биримдигинде калууну талап кылып 1 миллионго жакын адам митингге чыкты

Кечээ, 23-мартта Лондондо Европа биримдигинде калууну талап кылып 1 миллионго жакын адам митингге чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, акциянын катышуучуларынын негизги талабы Улуу Британиянын Европалык биримдиктен чыгуу маселесин караган 2-жалпы референдум өткөрүү. Аталган талапты колдоп, акцияга Лондондун мэри Садик Хан баш болгон бир нече оппозициячыл аткаминерлер да катышты.

"Биздин бир гана талабыбыз бар. Акыркы чечим бүтүндөй элдин катышуусу менен кабыл алынышы керек. Азыркы учурда референдум өткөрүү талабы коюлган петицияга 4 миллиондон ашык адам кол койду", - деп билдирген уюштуруучулар.

Айрым ЖМКлар жазгандай, жакынкы 10 күн аралыгында министрлер кабинети премьер-министр Тереза Мэйге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кызматынан алгандан кийин Европа биримдигинен чыгуу маселеси кайра каралышы мүмкүн.

Улуу Британияда алгачкы референдум 2016-жылдын июнь айында өтүп, ага катышкандардын 51,9 пайызы Европалык биримдиктен чыгууга макулдугун беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2019-03-24 12:49:47
Бир миллион адам чыкса да эч нерсени талкалабаптыр бизде жүз миң чыкса президент качып калганы уурдап талкалап баштамак.
+3
aliya-leyla
2019-03-24 13:09:59
Jelezo,жуз мин эмес 5000 болсо эле талкалап салышат
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан