Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка постунда кыз ала качып бара жаткан 4 жаран жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан кармалды. Кызматкерлердин арасында милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызын салып бара жаткан унааны тосуп, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жеткирип барган инспектор Замир Айткожоев да бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 23-март күнү болгон. Анда жабырлануучу кызды 4 жаран Бишкектин Жибек Жолу Орозбеков көчөлөрүнөн Талас облусуна ала качып кетүү үчүн унаага салып кетишкен.
"Кыздын айтымында ал жогоруда айтылган даректе жүргөн убакта өзүнө тааныш эки бала келип, кызды машинага салып кетишкен. Унаада жалпы 7 адам болуп, кыздын телефонун да алып коюшкан. Буга чейин аталган постко унаа уурдалганы боюнча кабар келип түшкөндүктөн ар бир өткөн унаа кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алынып жаткан. Ошондой эле жүйөө менен Бишкек-Ош унаа жолунун 80-чакырымынан Honda Stepwgn унаасы токтотулган. Инспекторлор документ текшерип жатканда машинанын ичинен кыздын кыйкырган үнү угулган. Алар унаанын эшигин ачып жардам сураган кызды көрүшкөн жана кыз аны ала качып бара жатканын айткан. Ошол замат инспекторлор Жайыл РИИБинин ыкчам тобун аталган жерге чакырып, кызды жана аны ала качып бара жаткан балдарды кызматкерлердин колуна өткөрүп беришкен. Ошол убакта Биринчи Май РИИБине дагы маалымат берилген, алар келген соң кармалган жарандар аларга өткөрүлгөн. Ал эми кыз арыз жазган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматкери.
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Есения Рамазанова ала качып бара жаткан кызды куткарып калган кызматкерлердин бири Бурулайдын өлүмү боюнча айыпталып жаткан инспектор Замир Айткожоев экенин айтат. Ага бул кабарды Айткожоевдин жактоочусу айткан.
"Кызды ала качып бара жаткан балдар мушташып, кызды бербей ызы-чуу салышыптыр. Мыйзам боюнча инспекторлор кармалгандарды Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө өткөрүп бериши керек. Бирок Бурулайдын окуясынан кийин алар Жайыл РИИБинин ыкчам тобун чакырышып, анан кызды өткөрүп беришкен. Бул маалымат убагында Биринчи Май РИИБине жетип, кыз арыз жазган", - дейт ал.
Айыпталуучу катары учурда соту болуп жаткан Замир Айткожоевге жана дагы бир инспекторго Турдали Кожоналиев тосмо арыз жазган. Ал эми судья бул арызды өкүм чыгарга жакын карай турганын айткан.