Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду колдоо акциясына 6 миңге жакын киши катышары айтылды

23-апрелде Жогорку Соттун имаратынын жанында абакта жаткан саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдун иши акыйкат иликтенишин талап кылган тынчтык митинги өтөт.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бул митингге 6 миңге жакын киши катыша турганын SUPER.KG'ге кабарлады. Анын 5 миңге жакыны "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү болсо, калганы тарапташтары болмокчу.

Шыкмаматов митингге чыккандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздап берүү боюнча өтүнүч каты Бишкек мэриясына жиберилгенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alixan-Nookat.2015
2019-03-27 16:43:14
Кудай буюрса Өмүрбек Текебаевда жана Садыр Жапаровда акталып чыгат.
+6
BekAmir
2019-03-27 16:49:52
С Жапаровдун тарапташтары Текебаевтикинен кобуроок
+14
Samar90
2019-03-27 17:12:28
Мен да жапаровту колдойм
+13
NURSAPAR
2019-03-27 17:25:44
Экөө тең бийликтин былыктарын козгогон, экөөнө тең эркиндик!!!!
+4
jazmel
2019-03-27 17:30:59
Бекер бургер деп чакырсаныз 20минткиши чогулат
+10
COKE
2019-03-27 17:41:59
61 жаш качканга соонун убак экен
+6
Ali-5
2019-03-27 19:04:45
Садыр Жапаровдун озун колдош керек. Текебаевди аралаштырбай.
+6
ruslanz
2019-03-27 20:50:41
Эч бир адам куноосуз турмодо отурбашы керек. Буларды бошотуш керек,бирок саясатка аралашпай эле коюшса,чыгышса оч алган менен алек болушу мумкун,олкого болсо тынчтык керек,ансыз деле эптеп оокат кылып жатабыз.Анын устуно бири кетип,бири келип айланып эле журо беришеби,кылышса 25жылдан бери кылышпайт беле.Бийликке жаны реформаторлор келиши керек.
0
Snejana
2019-03-28 00:40:22
Эми эсинерге келдинерби? Дагы бир аз коё тургула. Уже чыга турган маалы деле келип калды. Жапаровго кылбаганды кылышты. Интернетке канжалаган суроттору жарыяланып кетти. Анысы аз келгенсип, Атасына дагы топурак салганга жибербей коюшту. Терористтен жаман кордошту. Ошондо эмне кылып отурдунар. Калп эле туштон кийин чыга калгандарына кантейин. 6000 кишини мурда эле чогултсанар олосунорбу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан