Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборунан Бишкектеги №4 ооруканага которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына экс-депутат Асия Сасыкбаева билдирди.
Анын айтымында, Текебаевдин белине бир нече жыл мурун операция жасалган болчу. "Анын бели ооруп, отура албай калгандыктан ооруканага дарыланууга которулду", - деди Сасыкбаева.
Буга чейин 31-майда Өмүрбек Текебаев 47-колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. Анын кайра абакка качан которулары дарыгерлердин айтканына жараша болот. Саясатчы жарым жылда бир жолу текшерүүдөн өтүп турушу керек.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.
3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.