Бүгүн, 3-майда Жогорку Сотто абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы жагдайлар боюнча жана жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралып жатат.
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталышып, 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.
9:50. Соттук отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Бахадыр Сулейманов, Наталья Никитенко, БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева, экс-депутат Асия Сасыкбаева, коомдук-саясий ишмер Медеткан Шеримкулов, Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева катышууда.
10:06. Соттук отурум башталды. Соттук коллегиянын курамы: Арзыбек Акыев, Жаңыл Мамбеталы, Болотбек Батыралиев.
10:10. Жактоочулар тааныштырылды. Текебаевдин жактоочулары: Тимур Султанов, Кемелбек Жаныбеков, Чотоновдун жактоочусу Кеңешбек Абдиев.
10:21. Кемелбек Жаныбеков: "Текебаев менен Чотоновдун мүлктөрү туура эмес конфискацияланган. 1990-жылы алган жер тилке, 2004-жылы алган унаанын буга эмне тиешеси бар? Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керек. Үй-мүлкүн конфискация кылуу чечимин да жаңы мыйзам менен кароо шарт", - дейт.
10:25. Тимур Султанов буга чейинки инстанциядагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүүнү суранды.
10:35. Мамлекеттик айыптоочу: "Жактоочулар жаңы ачылган жагдайлар боюнча дооматтарын келтирип кетти. Мен айтылган дооматтарга каршымын. Бул боюнча биринчи, экинчи инстанцияда, Жогорку Сотто укуктук баа берилген. Дооматтар боюнча жактоочулар Башкы прокуратурага кайрылган. 2018-жылы Башкы прокуратура тарабынан баш тартылган. Жаңы мыйзам тескерисинче, Текебаев менен Чотоновдун жазасын оорлотот", - дейт.
10:40. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.
10:50. Шыкмаматов прокурордун жаңы мыйзам Текебаев менен Чотоновдун жазасын оорлотот деген сөзү туура эмес экенин айтты. "Прокурордун окуганын көрдүңөр, ал эмнени окуп жатканын өзү деле түшүнбөсө керек. Бул жерде так белгиленип турат. Текебаев жер тилкесин мугалим болуп иштеп турганда алган. Унаасын 2004-жылы алган. Ошону конфискациялоо боюнча далилдениши керек. Жаңы кодекс боюнча, конфискация боло турган мүлк кылмыштуу жол менен алынган болушу шарт", - дейт.
11:00. Асия Сасыкбаева: "Биздин суранычыбыз - акыйкатты орнотуу. Сот адилеттүү болбосо мамлекет өнүкпөйт. Мындай резонанстуу соттор болгондо элге жакшы шарт түзүп берүү керек деп Жогорку Соттун төрайымына кайрылат элем", - деп залдын тардыгы тууралуу айтты.
11:20. Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун үй-мүлкү конфискацияга алынбасын деген жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, ал эми калган өтүнүчтөрдү канааттандырган жок. "Текебаев менен Чотоновго колдонулган үй-мүлкүн конфискациялоо бөлүгү алынып салынсын. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылсын", - деп айтылат Жогорку Соттун чечиминде.
11:30. Шыкмаматов "сот Конституция, мыйзам, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды" дейт.
11:40. Жактоочу Чолпон Жакупова эмне деп айтарын дагы билбей турганын билдирип, унаасына түшүп кетти.