Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Бабанов тууралуу маселени күн тартибине киргизүү сунушу өтпөй калды. Мындай сунушту депутат Максат Сабиров киргизген. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул сунуш добушка коюла турганын айтты. Анда Максат Сабиров бул маселе кечээ күн тартибине коюлуп, каралбай калганын билдирди. Депутат Руслан Казакбаев бул жерде чочуй турган эч нерсе жок экенин белгиледи. "УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакырып жарым саат маалыматын угуп койгондон эч нерсе болуп кетпейт", - деди Казакбаев.
Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, "макул" деп 23 депутат, ал эми "каршы" деп 3 депутат добуш берди. Жалпы 95 депутат катталып, 26 эл өкүлү гана добуш берүүгө катышты.
Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеш Бабанов тууралуу маселе боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн маалыматын укмак. Бирок жумуш убактысы бүткөндүктөн бул маселени кароо башка күнгө жылдырылган.
Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айткан.