Бишкек шаарынын көркүнө көрк кошо турган жоогазындар гүлдөп баштады. Жоогазындар учурда Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын, борбордук аянтта жайгашкан Курманжан датка айкелинин жана Жеңиш аянтынын айланасындагы клумбаларда гүлдөп, айлананы жыпар жытка бөлөп турган учуру.
Кызыл, ак, күлгүн, саргылт, жашыл, сыя түстөгү гүлдөрдүн 18 түрү борбор калаадагы көчөлөргө отургузулган. Жогоруда аталган жайлардан тышкары Түштүк магистраль, Ахунбаев жана Шабдан баатыр, Гоголь жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши, Масалиев көчөсүндө, Өкмөт үйүнүн жанындагы сквер, Эмен, Ататүрк, Кара-Жыгач, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил бактарына дагы жоогазындар отургузулган.