Кыргыз-Казак чек арасындагы унаалардын топтолушу жүк ташуучулардын текшерүүдөн өтүүнү каалабаганына байланыштуу. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Казакстандын мамлекеттик чек арасында тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүрүп, керектүү учурларда унаалар текшерилип жатат.
"27-марттан тартып кыргыз-казак чек арасындагы "Карасу" көзөмөл өткөрүү пунктунда Түркияда жана Кытайда өндүрүлгөн товарларды ташыган 9 транспорт каражаты текшерилди. Алардын баарынын документтери тиешелүү талапка жооп бербегендиги аныкталды.
Буга байланыштуу 40 транспорт каражаты документтерин оңдоо үчүн кайтып кетти. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн товарларды текшерүүдө эреже бузуулар аныкталган жок.
Бүгүнкү күндө текшерүүдөн өтүүнү каалабаган жүк ташуучулар кыргыз аймагында топтолуп турат", - деп айтылат маалыматта.
30-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 160ка жеткенин кабарлаган. Аталган кызматтын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева чек арадан өтө албай калган 30дай унаа артка кайтпай ошол аймакта токтоп турганы үчүн унаалар көп болуп жатканын билдирген.