Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында көпүрөдөн өтүп бараткан унаа кулап, 3 адам каза болду. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, бул окуя кокустук катары катталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 4-октябрь күнү эртең менен болгон. Анда жеңил унаанын мотору өчүп калып, машина токтой албай артка жылып көпүрөдөн кулап кеткен.
Каза болгондордун арасында бир аскер адамы болгон, учурда калган маалыматтар такталып жатканын билдиришти басма сөз кызматынан.