Бишкек-Ош жолунда алдыда бараткан унааны ашып өтүүгө жетишпей калган айдоочу жүк ташуучу унааны сүзүп каза болду

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнга караган түнү Бишкек-Ош жолундагы Кара-Көл шаарында болгон.

"Мерседес-Бенц Спринтердин айдоочусу алдыда бараткан унааны ашып өтүүгө жетишпей калып, каршы тилкедеги оор жүк ташуучу Вольво үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Жыйынтыгында Спринтердин айдоочусу 28 жаштагы Кадамжай районунун тургуну К.Д. Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Дагы бир адам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөр шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда", - деди басма сөз кызматкери.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Abdizhapar
2019-06-02 16:22:50
Кудай сактасын
+1
bekiw.801
2019-06-02 18:44:47
Ошон үчүн обгон кылаарда өтө этият болуш керек. Көпчүлүк эле айдоочулар туура эмес жерде ашып кетем дейт шашып. Жайы жаннатан болсун жигиттин, үй бүлөсүнө сабыр.
+5
Bazana
2019-06-02 21:25:19
Не уверен не обгоняй!
+2
urmat94
2019-06-02 23:31:39
Бизде айдоочулар бири бирин сыйлабайт обгон кылып атканда жанындагы машина акырындатып койсо болот кайра очошуп газды басат
+13
Romantik.
2019-06-03 00:39:21
urmat94,мен дагы ошону айтайын дегем
+6
nurtilek.kursanbekov
2019-06-03 14:36:59
urmat94,созго кошулам ушундайды элге жеткириш керек же болбосо милдет катары киргизиш керек
0
babi92
2019-06-03 02:44:53
Кыргыздар озубузду озубуз кырып бутмой болдук го.Аллахым курулай дооматтан,бейажал олумдон сактасын
0
jalgyzym...
2019-06-03 04:40:55
Урматтуу айдоочулар жолдо эрежени сактап акырын эле жургулочу. Озунорду башка жургунчулордун дагы омурун алып жатасынар. Ошол бара турган жерге 1саат кечигип барсанар деле болот жетесинер. Кырсык каш кабактын ортосунда жайы жаннаттан болсун.
+1
ZhanMM
2019-06-03 09:56:00
Ашып өтүүгө (обгон) көзүң жетпесе кайра ылдамдыкты азайтып өзүңдүн жол тилкеңе кошул да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан