Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 62 жаштагы айдоочу каза болду. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.
Маалым болгондой, кырсык кечээ, 13-майда саат 14:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 617-чакырымында болгон.
"Өзгөн районунун 62 жаштагы тургуну өзүнүн Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, башкарууну жоготуп, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон. Учурда Өзгөн РИИБи кырсык боюнча тийиштүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштерин баштады", - деп билдирет маалымат катчы.