Өзгөн районунун Мырзаке айылында жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында рулду Мырзаке айылынын тургуну башкарып бара жаткан. "4-апрелде саат 17:30дар чамасында Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, дүкөндүн кампасын сүзүп алды. Кырсыктан окуя болгон жерде 1968-жылы туулган айдоочу көз жумду", - деди күбө.