ӨКМ 28 метеостанцияны курууга 1 миллион 100 миң доллар грант алына турганын билдирди. Эл өкүлдөрү акчанын максаттуу пайдаланышына ишене албай жатканын айтышты

"Ратификацияга кол коюп берип коюп эле анан аягында акча кайда кетти деп отуруп калабыз" деп бүгүн Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Максат Сабиров айтты.

Комитеттин жыйынында “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралууда.

ӨКМнын статс-катчысы Азамат Мамбетов өлкө аймагында 28 метеостанцияны куруу үчүн 1 миллион 100 миң доллар грант алына турганын билдирди.

“Биз ратификацияга кол коюп берип коюп эле анан аягында акча кайда кетти деп отуруп калабыз. Ушул акчаны берсеңер эле баары бүтөт деп келесиңер. Анан эле кайра акча бөлүп бергиле деп келе бересиңер. Эмне себептен курула турган метеостанциялардын тизмеси, аталыштары жок? Ар бир метеостанциянын курулушуна канча каражат сарптала турганы боюнча да эч кандай маалымат берген эмессиңер? Канча каражат сарпталат толук маалымат берүү керек. Эгер курула турган метеостанциялардын аталышын билсек, өзүбүз деле интернет булактарынан карап баасын билип алабыз да”, - деди Сабиров.

Депутат Исхак Пирматов бөлүнгөн гранттын эсебинен 800 миң доллар эмне себептен максатсыз пайдаланып калышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүү үчүн каражат бөлүп жатасыңар, аларды ким окутат эч кандай маалымат бербептирсиңер. Бизге берилген маалыматта 500 миң доллар бийик тоолуу аймактардагы метеостанцияларды куруу үчүн бөлүнөт деп айтылып жатат, мен Кыргызгидрометти өркүндөтүү керек дегенге каршы эмесмин. Бирок алдын-ала эсептеп көрсөм, 800 миң доллардай каражат максатсыз колдонула тургандай. Грант десе эле бизде бекер акча деген түшүнүк бар, а бирок чынында андай эмес да. Грант катары алынган акча максаттуу пайдаланышы керек", - деди Пирматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан