Депутат Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүү керектигин айтты

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулоо маселеси жабык эшик артында каралууда.

SUPER.KG порталына депутат Исхак Масалиев чек араны талкуулоодо жашыруун маалыматтар чыгып калуусу мүмкүн экенин билдирди.

"Азыр чек ара маселесин талкуулоону жабык кылганыбыз менен жалпы кабыл алган токтомду ачык жарыялайбыз. Мен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго сунуш бердим. Биз кабыл алган чечимди ЖМКга пресс-релиз катары болсо да таратуу керек деген.

Ал эми чек ара маселесин чечмейинче эки элдин ортосунда дайыма талаш болуп келе берет. Ошондуктан бул маселени чечип, чекит коюу керек. Бул көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылуу абзел. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилери элди биримдикке алып келүүсү зарыл. Тажиктер биздин жерден кантип үй сатып алды деп ызылдап жатабыз. Жөнөкөй жол менен эле алышты. Аларга кыргыздар өзүбүз эле сатып жатпайбызбы. Ошондуктан чек арадагы үйлөрдү бир гана өкмөт сатып алууга жол беришибиз керек. Кийинки учурда бирөөгө өмүр бою пайдаланууга берсе болот. Бирок аларга сатууга мүмкүнчүлүк бербөө зарыл. Ошондо биз чек араны сактап калабыз. Бул мамлекеттик программа болуусу керек", - деди Масалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан