Атасын издеп жер кыдырган жигиттин тагдыры чагылдырылган "Темур" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү

Бишкекте 3-апрелде көп улуттун башын бириктирген "Темур" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Тасма Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Казакстан жана Орусия мамлекетинин биргелешкен долбоору болуп саналат.

Аталышы: "Темур"
Узактыгы: 115 мүнөт
Жанры: Боевик
Режиссёру: Нодир Муминов
Сценарийдин автору: Гүлбахор Муминова
Продюсери: Нурлан Мамакеев
Ролдордо: Алихан Хусниддинов (Өзбекстан), Игорь Жижикин (Орусия), Саят Исембаев (Казакстан), Айтурган Эрмекова (Кыргыз) жана башкалар.

Тасма Темур аттуу мушкер жигиттин баяны менен башталат. Жаш кезинен тартып ата мээримине зар болуп өскөн жигит жумушу менен алыска кетип, дайынсыз кеткен атасын издөө үчүн Ооганстан менен Өзбекстан чектешкен аймакка барат. Ал жерден көп жыл бою кезиге элек атасын тапканы менен, анын туткунда экенин билет. Атасын куткарып алуунун аракетинде көп күч жумшап, соңу "хэппи энд" менен аяктайт.

Тасмада мекенге, ата-энеге болгон сүйүү, атуулдук милдет, достук, терроризмге каршы глобалдык согуш окуясы баяндалат.

Фильм жаратуучулар тасма аркылуу коомго үй-бүлө баалуулуктарын көрсөтүүнү максат кылышканын айтышат. Режиссёр Нодир Муминов: "Бул менин дебюттук тасмам. Өзүм мурда аскер кызматкери болгондуктан, ушул жанрда тасма тартайын деп чечтим. Ал аркылуу жихад, терроризм өңдүү темалардын тегерегинде болуп жаткан маселелерди да чагылдырдык", - деди.

Тасманын режиссёру Нодир Муминов

"Темур" кинотасмасы буга чейин Ташкент шаарында жабык эшик артында көрсөтүлгөн.

Атасын издеп жер кыдырган жигит. "Темур" тасмасы жарыкка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан