Бишкекте жеңил унаа 22 жаштагы кызды сүзүп, ал ооруканага жеткирилди

Бүгүн, 15-мартта Чүй кең көчөсү менен Осмонкулов көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа 22 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 16:30 чамасында катталган. Анда Honda Fit унаасын башкарып бара жаткан 45 жаштагы айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды сүзүп алган.

Кыз алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык болгон жерде тийиштүү кызматкерлер иш алып барышууда деп билдирет маалымат катчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан