Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.
Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыздап берсе жаман эмес, ал эми саясий максатта колдонулбашы керек деп айтты.
“Албетте, бул нерсе адам укуктарын чектейт. Эгерде кылмышка шектүү адам болсо, УКМК соттун чечими менен ал укуктардан пайдаланса, анда жакшы нерсе. Мыйзам чегинде жасайлы деп жатканы жакшы жөрөлгө, себеби жашыруун деле жасоого мүмкүнчүлүктөрү бар да.
Бирок анын механизмдерин кароо керек, бул маселелерге тактоолорду киргизип, коомдук талкуудан өтүшү зарыл. Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары боюнча декларацияга ылайык, мамлекеттин же жеке адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудура турган учурларда адамдардын укугун чектөөгө болот деген жери бар. Бул жерде чын эле ушундай болуп жатабы деген суроо туулат. Сот тарабынан уруксат, козголгон кылмыш иши болушу керек. Мисалы, эгер бирөө террористтик актыга даярданып жатса, аны билүү үчүн ушундай иштерди жасаса болот.
Мунун адам укугунан башка саясий максаттарда колдонулбайбы? деген экинчи жагы да бар. Акыркы жылдагы камакка алынгандарды карап чыксак, көбү эле телефондогу сүйлөшүүлөрдүн негизинде кармалгандар. Алар “бийликти төңкөргөнү жатыптыр”, “аракет болуп жатыптыр” деген күнөөлөөлөрдүн негизинде камалган. Ошондо телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоого ким санкция берди? Бул нерсени сураштырсаңар, тактасаңар деп айрым депутаттарга да кайрылдым эле, бирок ошол бойдон калды. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздап берсе жаман эмес. Бирок саясий максатта колдонулбасын”, - дейт Молдалиев.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Таалайгүл Токтакунова, Динара Ошурахунова, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.