Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.
Ал УКМК ыйгарым укуктарын кеңейтип алып, аны саясий куугунтуктар үчүн пайдаланабы деген да ой келерин белгиледи.
“УКМКнын азыркы сунушу биздин Баш мыйзамга каршы келет, анткени андагы 16-20-22-29-33-беренелерде кандай мыйзам кабыл алынбасын Конституцияга каршы келбеш керектиги көрсөтүлгөн. Адамдардын укугун, эркиндигин чектебеш керектиги да бар. УКМК бул сунуш аркылуу кантип улуттук коопсуздуктун кепилдигин көбөйтө турганын бизге түшүндүрүп беришсин. Тилекке каршы, азыр биз алардан мындай маалыматты көрбөй жатабыз.
Биздин тынчсызданганыбыз УКМК акыркы жылдары саясий куугунтуктарды жасады, ошол эле Белизгейт, ошол эле парламенттеги депутаттарга, саясатчыларга, анын ичинде Өмүрбек Бабановду конкреттүү далил жок туруп маалыматтык манипуляция менен куугунтуктап жатат. Муну укук коргоочулар, саясатчылар билип турушат.
Бул комитет саясатчылардын, укук коргоочулардын, активисттердин сүйлөшүүлөрүн угат, артынан аңдыйт, ошонун негизинде каралап жүрөт. Алардын аңдыганы мыйзамсыз болгону үчүн гана ачык иштей албай жатышат. Эгерде мен барып силер аңдып жатасыңар десем, жок мыйзамда андай жок, антпейбиз дейт. Ансыз да бизде жеке маалыматты сактоо көйгөйү дагы деле кепилдене элек.
Эгерде ушул сунуш кабыл алынса, анда алар ар бир адамды аңдып, куугунтуктай ала турган шарт түзүлөт. Бул демилге кабыл алына турган болсо, биринчиден, УКМКнын жаранга каршы ишин көзөмөлдөгөн орган түзүү керек же парламентте аны көзөмөлдөгөн өзүнчө комитет түзүлүшү керек, антпесе ал монстр болуп кетет.
Мындан тышкары УКМК бул ыйгарым укуктарды саясий куугунтук үчүн, жарандык активисттердин, бийликке каршы сөз сүйлөгөндөрдүн оозун жабуу үчүн пайдаланабы деген чоң суроо жаралат. Биз көп саясатчыларга көрсөтүлгөн куугунтукту көрдүк, баарын түшүнүп жатканыбыз үчүн алардын колун мындан да узартканга каршыбыз. Биз УКМКга ишенбей калдык да. Мындан улам Жогорку Кеңеш сунушту унчукпай эле кабыл албашы керек, коомдун талкуусуна коюлуп, аны текшерген механизмдер болобу деген маселени карап, андан кийин гана сунушун карап чыкса болот”, - деди Ошурахунова.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Таалайгүл Токтакунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.