Орусияда иштеп жаткан мигранттарга жатакана куруу керек. Мындай пикирди бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде депутат Өмүрбек Бакиров айтты.
"Орусиянын аймагында иштеп жаткан мигранттар ал жакта иштөө үчүн каттоого турушу керек. Алар тааныш таап, ар кайсы жерге каттоого турушат. Бирок кайсы жакка каттоого тургандарын өздөрү билишпейт. Мисалы, Сахароводогу убактылуу кармоочу жайда документтери туура эмес болуп милиция тарабынан колго түшкөн биздин жарандар 3 айга чейин кармалат экен. Убактылуу каттоого турууда көп маселелер жаралып келет. Ошол себептен биздин мигранттарга жатакана курулса жакшы болмок. Алар ошол жерге катталып, иштей беришмек", - деди депутат.
Буга өкмөттүн өкүлү документи туура эмес болуп калган мигранттар 3 ай кармалбайт деген жооп узатты. Ага депутат жакында эле Орусияга барганда өз көзү менен көрүп келгенин билдирди.