Бүгүн, 9-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталган милиция кызматкерлеринин иши каралууда. Бул ишти судья Анаркүл Берюева карап жатат.
Соттук процесске жабырлануучу Турдали Кожоналиев жана эки тараптын жактоочулары келди.
Бул жолку да соттук отурум айыпталуучулардын экөө сот залына кеч келгендигине байланыштуу белгиленген убагынан жарым саатка кеч башталды.
Сот башталары менен маркумдун атасы Турдали Кожоналиев сөз алып "Бул ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүнөм. Себеби болгону 5 кызматкерге айып тагылып жатат. Бирок ал жерде дагы да башка кызматкерлер болгон. Мисалы, видеобайкоо системин көзөмөлдөгөн кызматкер, менден кызымды кармаганы үчүн сүйүнчү сураган нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы" да бар деди.
Учурда айыпталуучуларга акыркы сөз берилди.
Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев.