Бурулайдын атасы: "Кызымдын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкери күнөөлөрүн жарым жартылай моюнуна алышты"

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча Жайыл райондук сотунда милиция кызматкерлеринин иши боюнча сот отуруму өттү. Анда 5 милиция кызматкери суракка алынып, күнөөлөрүн жарым жартылай моюнуна алышканын SUPER.KG'ге маркум кыздын атасы Турдали Кожоналиев кабарлады. Бирок Кожоналиев иштин Жайыл районунда каралышына каршы болуп, Бишкек шаарына өткөрүп берүүнү талап кылганын кошумчалады.

"Сот отурумда айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринен "күнөөнү моюнуңарга аласыңарбы" деп сурады. Алар "жарым-жартылай моюнубузга алабыз" деп жооп беришти. Бирок биз иштин Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен гана каралып жатышына каршы болуп, прокурордон ишке 304-беренени (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кошуу керектигин талап кылдык. Себеби кызымдын өлүмүнө булардын тиешеси болгон да. Бала кызымды бычактап, көкүрөгүнө жазып жибергенге чейин алар карашкан эмес.

Ал эми тергөөчү алгач "кызды милиция бөлүмүнө саат канчада алып келишкени, окуя саат канчада болгону боюнча видеожазуулар бар, бирок тергөө учурунда айтылбайт" деп айткан эле. Эми видео жазууларды жок деп жатат. Так ошол окуя болгон күндөгү жазуулар өчүп калыптыр. Бул жерде бир нерсе бар да. Биз ушул жагдайларды эске алып, прокурор, тергөөчүлөргө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти Бишкекке которууну талап кылдык. Бирок сот талапты четке кагып, кийинки отурумду 24-сентябрга жылдырып койду", - деди Кожоналиев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс.Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марска эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?",- деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев.

4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерлерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Ал эми кыздын өлүмүнө шектүүгө карата кылмыш иш боюнча биринчи сот отуруму 5-сентябрь күнү Жайыл райондук сотунда өтүп, эки тараптын өтүнүчү менен иш Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Li-Li
2018-09-14 09:29:27
Марс каякта? Ахвалы кандай,эмнеге аны Ата энесине корсотушкон жок?
+2
DNurgiza
2018-09-14 11:13:11
Байкуш ата, чындыкты билгенге канча аракет кылып атат, бирок тилегенине жетээр бекен...... карга карганын көзүн чукабайт болуп, милициядагылар биринин ишин бири жаап атат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан