"BlackPink" тобунун "Kill This Love" ырына тартылган клиби YouTube`га жүктөлгөндөн кийинки бир сутка аралыгындагы кароонун саны боюнча рекорд койду.
Белгилүү болгондой, 8-апрелде YouTube "Kill This Love" клиби чыгарылгандан кийин 24 саат аралыгында эң көп көрүлгөнүн жарыялаган. Расмий маалымат боюнча клип 56 миллион 700 миң көрүү топтогон. Бул көрсөткүч менен "BlackPink" Ариана Гранденин "Thank u, next" клибинен ашып өтүшкөн. Анын көрсөткүчү өткөн жылдын ноябрь айында 55 миллион 400 миңге барабар болгон.
YouTube сайтындагы кароону эсептегич көрүүчүлөргө көрсөтүлгөн сандар менен дал келбей калышы мүмкүн экени айтылды. Сайттын өкүлдөрү "кароо реалдуу жана так экенин аныктоо үчүн YouTube көрүүлөрдү жайлатып, токтотуп коюшу мүмкүн", - деп билдиришкен.
"BlackPink" 5-апрелге караган түнү "Kill This Love" ырына тартылган клибин тартуулады. "К-рор" дүйнөсүндөгү катаал атаандаштыкка карабай ыр музыкалык чарттарда биринчи орунду ээледи.