ЖЭБ соту. Сапар Исаков: "Эмне себептен Асылбек Жээнбеков жана башка депутаттар камалган жок?"

Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум улантылды.

Танапистен кийин саат 14:00дө башталган сот отурумунда саат 18:00гө чейин айыпталуучуларга тагылган айыптар угузулду.

Айыпталуучулардын бири Сапар Исаков ага тагылган айыптоолорго макул эместигин билдирди.

"Мамлекеттик айыпталуучулар окуган айыптардын ар биринде менин аты-жөнүм айтылды. Андай болсо азыр жанымда отурган адамдардын баарын коё бергиле. Кылмыш ишинин материалдарында айтылган фактылар эмне себептен кайра текшерилген жок? УКМКнын койгон айыптары түшүнүксүз бойдон калууда.

Эмне себептен кармалгандардын арасында мыйзам долбоорун кабыл алуудагы тиешелүү процедураларды жүргүзгөн Асылбек Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев жана Кожобек Рыспаев жок?

Бир жактуу айыптоо жана ЖЭБди модернизациялоо темасын мамлекеттик ЖМКларда бир тараптуу чагылдыруу болууда. Парламентте бул теманы талкуулоодогу укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жана айрым депутаттар уюштурган шоуго караганда бул иш Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө. Ошондой эле мунун артында Асылбек Жээнбеков турат", - деди Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан