Мурдагы өкмөт башчы Сатыбалдиев менен депутат Артыкбаевдин иши тергелип бүттү

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен Жогоку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин иши боюнча тергөө аяктаганын УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, тергөө ишинин жыйынтыгы менен Жантөрө Сатыбалдиев жана Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303- беренеси (коррупция) менен айыбы угузулду. Учурда алардын жактоочулары материалдар менен таанышууда.

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланылганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан