Калпак, чепкен, элечек, жоолук... Эмне кийгизсе да жарашкан Валентина Шевченконун сулуулугуна суктанткан 10 сүрөт

UFC`нин чемпиону Валентина Шевченконун Кыргыз өлкөсүндөгү сапарынан тартылган 10 сүрөтүн сунуштайбыз. Мушкер 7-апрелде Кыргыз жерине келген. Аны аэропорттон апасы баш болгон жакындары жана бир топ күйөрмандары тосуп алышкан.

Валентина Шевченко туулган жерине болгон сапарынын алкагында 8-апрель күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Андан кийин саат 16:00дө күйөрмандары менен соода борборлордун биринде жолугушту.

9-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандар менен жолугушуп, ага 10 миңдей адам келди. Мушкерди бул сапарында көптөгөн кызыктар коштоду. Ага Бишкектеги жолугушуу учурунда калпак, чепкен кийгизишип, эркек адамдын кийимин кийгизгендер талкууга калган.

Андан кийин Шевченкону Ошто кемсел кийгизип, жоолук менен тосуп алышты. Ошондой эле ага элечек да кийгизилди. Көптөгөн күйөрмандары Шевченко менен чогуу сүрөткө түшүүгө үлгүрүп, анын күчтүү, тажрыйбалуу спортчу гана эмес, сулуу бийкеч экенин да жазышууда.

Мушкер акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
s.sladka9
2019-04-10 20:46:47
Мына чыныгы аял.Чемпион болсо да,кроссовки менен эмес туфлиде."на каблуках".
-7
Nurbelek.
2019-04-10 20:50:35
Кыргызстандыктардын Бейишин утуп бергенсип аябай эле мактап, мактандыңарда. Утса жалтыраган бир темир утуптурда анын эмне пайдасы бар Кыргызстанга? Балким "Кыргызстанды дүйнөгө таанытты" дейсиңер, таанытса что толк? Ошол бойдон калабыз эч өзгөрбөй.
-32
NURSAPAR
2019-04-10 20:59:26
Nurbelek.,Колуңардан эч нерсе келбей туруп. Бирөөгө сын такканды койгулачы. Андан көрө жердншибиздин ийгилигине кубанып,колдоп койгон жакшы эмеспи.
+23
milan-707
2019-04-10 22:15:25
Nurbelek.,Тулку майга жетпей уфф Сасык дейко ошодон болуп жатасында же сенен жардам сурадыбы
+13
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-11 23:45:10
Nurbelek.,uwul kurdun plastmassasy barby sende birinchi.
+1
altyn7776
2019-04-10 21:20:09
Баягы эле коро албаган мырктар катындын уйдо отурганы деп тантырашып... Кргыздын атын чыгарбай кайра артка тарткан эркек соройлор, экс ажолор качкак, тарпы чыккан саясат, болунмой. Биерде Дуйного дун кылган бул кыз аман болсун. Шакалдар шакылдай берет. Карагылачы кандай ажайып аял....
+29
altyn7776
2019-04-10 21:21:49
ХХХХХ журсо караба, караган козун учун жооп бересин тиги дуйнондо...
+5
zhaku2017
2019-04-10 21:48:59
altyn7776,
Тиги дуйно деп тиги дуйного барып келгесип суйлойсун до. Молдолордун арабтардан уйронгон фантазиясын арабтар салып берген мечитинерден барып айткыла. Валентина отоо сулуу айым экен. Жыланач кыздар мага абдан жагат.
-7
Adiletaitievkg
2019-04-10 21:55:01
Жакшы соз жазыштын ордуна жамандайсынар адамдын ичи кара болсо озунда усу толо болот адамча жазсанар сен эркек болуп биринчи Кыргызтандын эле ченпиону болчу колундан келбегенден кийин кысып отурда былдырай бербей Орус болсо дагы Кыргыздын намысын коргоп атат Кату тийсе кечиресиздер Ачуум келип жазганым
+7
milan-707
2019-04-10 22:12:53
Валя ийгилик онугобер особер Оз тагдырын колунда
+11
tokitok
2019-04-10 22:18:06
Жогору жактагы жазгандар Валянын чыпалагына тен келбейсинер. Кыйын эркек болсонор силер чыкпайсынарбы? Силер тааныткыла олконорду. Аялдарча ушак айткандан башка колунардан бок келбейт. КР ны жаман жагынан канча адам таанытып атат. Суйунбойсунорбу.
+12
milan-707
2019-04-10 22:20:41
tokitok,эээннн тура созду айтын
+3
Nurkyz1977
2019-04-10 23:09:54
Чынында суйкумдуу экен. Коптогон ийгиликтерге жетип атаандаштарынды багынта бер. Демине дем,кучуно куч кошулсун,ар дайым ийгилик коштосун. Бар бол аман бол бактылуу аял заты бол.
+9
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-11 06:20:10
Emne degen ich kuiduluk,kanga singen artka tartmailar,,,,,,,,,,Kachan kalat uwul adatybyz.Jakwy soz aityp,iygilik kaalap koiup chygyp ket,je silerge biroo Valentinaga gusul aldyryp,jabyk kyiym kiygiz dep buiruk berip jataby.Kaisy jerde bolsole fanatizm dep oiku kaiky suiloisunor,Ozunor gusul mn juro bergile,ar kim ozuno joop beret.Valentina bawka mamlekettin atynan chykkanda al mamleket bul kyzdy kotormolop,koldop,chan juguzbait bolchu.Kyrgyzdyn jelegin duinoluk arenaga emes,bir kichinekei aiant
+4
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-11 06:24:49
Bir kichinekei jeniwke jetiwip jelekti jelbiretip alyp anan suilosonor,Jakpasa okuba,karaba,komment jazba,surotun da karaba,jakwy soz aityw koldon kelbese jaman soz suilobow kerek....
+3
souza.j
2019-04-11 11:09:08
Валяга соз тийгизбегиле ХХХХХ. Козунорду оюп алам
+1
baktybek90
2019-04-11 12:03:25
Жылдыздуу кыз екен мага турмушка чыга бекен
+3
milan-707
2019-04-11 12:12:41
baktybek90,чыгып калса коркпой мушташа бересин аяшка ишенип шутка
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан