Өкмөт башчы: "Кантта жоголгон баланы тез арада аман-эсен табууга болгон күч-аракетти жумшоо керек"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашар Данил Браилкинди издөөгө бардык күч-аракеттерди мобилдештирүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоону айтып, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, баланы мүмкүн болушунча тез арада аман-эсен табууга болгон күч-аракетти жумшоо керек.

Окуянын чоо-жайын кайрылсак:

Бүгүн, 11-апрелде саат 8:40 чамасында Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы таксиге салып уурдап кетишкен. Бала Кант шаарынын 2-кичи районунда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен уурдалган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Чүй облустук милиция жоголгон баланын көргөн-билгендер болсо кабар берүүнү өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samar90
2019-04-11 21:02:07
Ушундай бала урдагандарга жазаны кучоткуло мышык чычкан ойнотпой
+3
Bayastankyrgyz
2019-04-11 21:37:24
Мына премьер-министр деген ушундай нерселерге чейин караш керек... Майда нерсе бара бара чон нерсеге алып баруусун унутпоо керек
+1
Jelezo
2019-04-12 03:21:02
Ушундай кылмыш жасагандарга өлүм жазасын колдонсо жакшы болот эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан