Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн отчётун угууда. Премьер-министр 2018-жыл ичиндеги өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдагы жетишкендик жана мүчүлүштүктөр тууралуу жалпы маалымат берди.
Депутат Дастан Бекешев премьер-министрдин отчёту кагаз жүзүндө гана жакшы экендигин баса белгиледи.
"Акыркы учурда жаштар менен көп сүйлөшүп жатам, алардын үмүтү жок. Алар бүгүн өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Кайсы тармакты карабайлы, бардык жагында көйгөй бар. Кылмыш уюмдарынын аракети күчөп баштады, билим берүү тармагын карасак, китептерде каталар чыгып жатат, медициналык жардам бекер дешет, бирок чындыгында андай эмес. Жаш балдар жогорку окуу жайларды бүтүп, Европага кетип жатышат. Бул көйгөйлөрдү ким чечет? "Кылып жатабыз, аракет болууда" деп жооп берип жатасыз, бирок жылыш жок.
Сиздин, өкмөттүн былтыркы жылы аткарган иштери тууралуу отчётту угуп отуруп, ал кагаз жүзүндө гана жакшы экен деген ойдо калдым. Биз Кыргыз өлкөсүндө эмес, башка бир өнүккөн өлкө тууралуу кеп болуп жаткандай туюлду. Сыртта жүргөн мигранттардын саны 700 миң деп айтылат, бирок мындан көп экенин баарыбыз билебиз. Буга качан көңүл бурасыздар? Качан бизде жаштарды иш орундары менен камсыздоо сыяктуу иш-аракеттер жүргүзүлөт?" - деп сурады депутат.
Буга Абылгазиев "биздин жасап жаткан кадамдарыбыз иш орундарын түзүүгө багытталган. Тилекке каршы, мындай аракеттердин натыйжасы тез чыкпайт экен. Алдыга коюлган максаттарды жүзөгө ашырууга аракеттенебиз" деди.