ЖЭБ соту. Энергетиктерди 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу суралды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш иштеринин бири каралды. Мамлекеттик айыптоо соттон "Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган энергетиктерге төмөнкү жазаларды сурады.

1) "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 2 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жана 50 миң сомду төлөөгө милдеттендирүү;

2) "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыковду 2 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жана 50 миң сомду төлөөгө милдеттендирүү;

3) "Электр станциялар" компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаевди 2 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жана 50 миң сомду төлөөгө милдеттендирүү;

4) ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулун 5 жылга эркинен ажыратуу жана 100 миң сомду төлөөгө милдеттендирүү;

5) ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбековди 5 жылга эркинен ажыратуу жана 100 миң сомду төлөөгө милдеттендирүү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BaihanUlanov
2019-04-12 12:35:56
Миллиондорду тойгончо жеп, бир жыл отуруп сизодо элүү миң сом төлөп чыгып кетсе болот экен да, конфискация кылыш керек Уй мулкун.
+7
uli1234
2019-04-12 17:50:10
Ушуда жазабы уже 2 жыл олтуруп койдуго ивейцте 1 кунун 2 кунго эсетелгенде 2 жыл болуп калат экен. 50 Минди толоп чыгыпию кететбереби
+1
Mamiev
2019-04-12 18:05:21
Миллиондорду жеп эки үч жыл олтуруп кутулуп кетүү жакшы нерсе го. Бизде законду күчөтүп зордук зомбулкка педофилдерге чоң кызматта миллиондорду жегендерге өзгөчө чара колдонсо балким ошол ишти кылаарда ойлонот беле дейм да. Эптеп эки жылга камап койсо мындай иштер боло берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан