ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу райондук сотто беш адамга айыбы угузулду

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштердин бирин кароо уланууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу ишке тиешеси бар беш адамдын айыбын расмий угузду.

Алар: "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана жылуулук борборунун мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков.

Аты аталгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен козголгон кылмыш иштин негизинде айып тагылууда.

Мамлекеттик айыптоочунун окуп берген материалында алар Бишкек ЖЭБдин 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерген эмес жана кемчиликтерге жол беришкени айтылды.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев менен анын биринчи орун басары Нурлан Садыковго буга чейин отурумда айыбы угузулуп, жогорудагы берененин негизинде айып тагылган.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган, алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Komrad
2018-11-15 16:59:52
Расмий болсо, угузгула элге деле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан