Шаардык сот Осмонбек Артыкбаевди тергөө аяктаганга чейин камакта калтырды

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев тергөө иштери аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык соту 22-июнда Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун жогорудагыдай чечимин күчүндө калтырган.

Эске салсак, буга чейин Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн шаардык сотко арыз берген.

Айта кетсек, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан